Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы чокуну багындырган биринчи кыргызстандык болду
2667
Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы Винсон тоосунун чокусун багындырган биринчи кыргызстандык болду.
"Жети чоку клубу" альпинизм клубунун президенти Александр Абрамовдун айтуусуна караганда, Винсон тоосун багындырууга аттанган экспедициянын курамында Индия, Болгария, Кыргызстан, Беларусь Республикасынын жана Россиянын өкүлдөрү болгон.
"Бул улуттардын ортосундагы чыныгы достук. Мыкты команда. Натыйжада команданын ичинен Винсон массивинин чокусуна биринчи болуп кыргызстандык Кадыр Нурмаматов чыкты. Ошондой эле "Жети чоку" долбоорун аяктаган эң улуу индус Шарад Кулкарни чыкты. Ал эми Винсон массивине чыккан экинчи индус аял Анвита Падамати болду", - деди Абрамов.Винсон массиви - Антрактидадагы эң бийик тоо. Түштүк уюлдан 1200 чакырым алыстыкта жайгашкан жана Элсуэрт тоолорунун бир бөлүгү. Массивдин узундугу 21 чакырым, туурасы 13 чакырымды түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/9674