Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси болду
2593
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына жаңы президент дайындалды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариев болду.
Соода-өнөр жай палатасынын президенттигине төмөнкүлөр талапкер болушкан:
- Темир Сариев - Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;
- Жодар Сайдилканов - INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси;
- Авазбек Керимбаев - "Шумкар" логистика компаниясынын башкы директору.
Талапкерлерге экономиканын ар бир тармагынан Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан атайын шайланган делегаттар добуш беришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/9656