Өткөн аптада бут кийими, эми күрмөсү. Жапаров менен Ташиевдин сырт кийими талкууда
2317
Кыргызстан баасы 9,7 миллион долларга жеткен Airbus H145 үлгүсүндөгү жаңы тик учак сатып алды. Президенттин администрациясынан Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жаңы тик учак менен учкан видеосун жарыялашты.
Социалдык тармактын колдонуучулары видеодон президент менен коопсуздук комитеттин төрагасынын бренд кийимин байкап, талкууга алышты. Kaktus.media интернет колдонуучулардын талкуусунан кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин күрмөлөрү кайсы брендге таандык экенин жана баасын билүүгө аракет кылып көрдү.
Камчыбек Ташиевдин кийип турган күрмөсү Moncler брендине таандык Bauges курткасына окшош. Аталган бренддин сайтында Bauges курткасы 1 590 евро (болжол менен 142 миң 506 сом) деп көрсөтүлгөн.Ал эми Садыр Жапаровдун жакалуу күрмөсү Loro Piano брендине таандык болушу мүмкүн. Мындай күрмөнүн баасы 14 177 евро экени белгиленген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/9590