19-сентябрь өлкөдө улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды
2659
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эртең, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында президентти администрациясынан кабарлашат.
14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте кыргыз жарандары курман болду. Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, президент токтом кылды.
Ага ылайык:
- Өлкөдө 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялансын;
- Улуттук Аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;
- маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/8482