Баткенде кайрадан ок атышуу башталды. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланууда
1919
Баткенде кайрадан ок атышуу орун алды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда Кыргыз-Тажик чек ара тилкелериндеги абал чыңалып турат.
- Саат 06:00дө тажик тарап УКМКнын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Орто-Боз аймактарындагы кыргыз тараптын позицияларын топтук куралдар менен аткылашты.
- Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылай баштады.
- Саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында да тажик чек арачылары тарабынан ок атышуу башталды. Ок атышуу токтой элек. Учурда аталган аймактан да тургундарын эвакуациялоо иштери башталды
Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүлүп жатат дешти Чек ара кызматынан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/8398