Эртеңки күндүн аба ырайы
4932
Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/7134