Түндүк Корея ракета учуруп, Япония министрлер тобун чукул жыйынга чогултту
RU

Түндүк Корея ракета учуруп, Япония министрлер тобун чукул жыйынга чогултту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Римде иш сапары менен жүргөн Япониянын премьер-министри Фумио Кишида өкмөткө калкка так маалымат берип, күтүүсүз кырдаалдарга толук даяр болууну тапшырды.

Япония өкмөтү Түндүк Кореянын ракета учуруусуна байланыштуу премьер-министрдин канцеляриясына негизги министрликтердин өкүлдөрүнөн турган топту чакырды. Бул тууралуу NHK телеканалынын маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.

Топтун курамына зарыл маалыматтарды чогултуп, талдоо жүргүзө турган негизги министрликтердин өкүлдөрү кирген.

"Римде иш сапары менен жүргөн Япониянын премьер-министри Фумио Кишида өкмөткө калкка так маалымат берип, кемелер менен учактардын коопсуздугун текшерип, күтүүсүз кырдаалдарга толук даяр болууну тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Түндүк Корея саат 12:00дө (Кыргызстан убактысы боюнча 9:10до) белгисиз снарядды Япон деңизин көздөй учурган. Ал континенттер аралык баллистикалык ракета болушу ыктымал. Бул - Түндүк Кореянын 2022-жылдагы 14-сынагы.

Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ракетанын учуу бийиктиги 800 чакырым, учуу аралыгы 500 чакырым болгон. Ал Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкаркы жерге кулап, эч кандай зыян келтирген эмес.

Буга байланыштуу Япония Пекинде дипломатиялык каналдар аркылуу Түндүк Кореяга нааразылык билдирди.

Акыркы жолу апрель айында КЭДР Пхеньяндын өзөктүк куралынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы тактикалык башкаруучу курал системасын сынаган.

"24-мартта "Хвасон-17" континенттер аралык баллистикалык ракетасы сыналды. Япониянын Коргоо министрлиги кадимки траектория менен ракетанын ыраактыгы 15 миң чакырымды түзүшү мүмкүн деп эсептейт. Бул АКШнын бардык аймагын камтууга жетиштүү. Жапон аскерлери ракета 71 мүнөт абада кармалып, 1 100 чакырым аралыкты басып өтүп, 6 000 чакырымдан ашкан максималдуу учуу бийиктигине жеткенин айткан. Бул 2017-жылы сыналган Хвасон-15 ICBMдин көрсөткүчтөрүнөн бир топ жогору деп бааланат. Учуу убактысы жана жеткен бийиктиги боюнча Түндүк Кореянын ракеталары үчүн эң жогорку көрсөткүч болду," - деп айтылат маалыматта.

Түндүк Корея 5 -11-январда гиперүндүү ракеталарын сынап, 14-январда темир жол ракета системасынан кыска аралыкка учуучу эки баллистикалык ракетасы атылган. Ошондой эле 17-27-январда Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу тактикалык башкарылуучу ракеталарын сынаган.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://allnews.kaktus.media/6565