Түркия Ирактын түндүгүндө аскердик операциясын баштады
RU

Түркия Ирактын түндүгүндө аскердик операциясын баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө Күрд жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы жаңы аскердик операциясын баштады. Бул тууралуу Anadolu басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, операцияга атайын даярдыктагы жоокерлер менен аскердик аба күчтөрү тартылган.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдиргендей, учактар Күрд жумушчу партиясынын кампа, үңкүр, туннель, бункерине, жашынган жерлерине ийгиликтүү сокку урган.

"Операция пландалгандай ийгиликтүү уланып жатат. Биринчи этапта коюлган максаттар ишке ашты. Биздин өлкөнү 40 жылдан бери аңдып жүргөн террорчулардан улутту коргоп калууга даярбыз. Акыркы согушкер жок кылынмайын күрөш уланат", - деген министр.

Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчу партиясы менен куралдуу жаңжал 1984-жылы башталып, 2015-жылы кайра жанданган. Ирактын түндүгүндө террорчулардын базалары жайгашкан. Түркиянын куралдуу күчтөрү дал ошол базаларга аба, жер аркылуу операцияларды жүргүзүп турушат. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2015-жылдын июль айынан бери Күрд жумушчу партиясынын өлкө ичиндеги 6 000 мүчөсү, башка өлкөлөрдөгү 6,9 миң мүчөсү жок кылынганын айткан. Жаңжалдан Түркиянын 1 200 аскери көз жумган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://allnews.kaktus.media/6407