Макеев: баланы 3-7 жашында сүннөткө отургузуу сунушталат
RU

Макеев: баланы 3-7 жашында сүннөткө отургузуу сунушталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев сүннөткө отургузула турган бала жүрөк, борбордук нерв системасынын оорусу, сарык, гемофилия дарты менен жабыркаса циркумцизия кийинкиге жылдырыларын айтты.

Баланы сүннөткө отургузуу ыкмасы медицина илиминде циркумцизия деп аталат. Мында баланын жыныстык органынын учундагы жумшак тери операция жолу менен кесип салынат. Бул операция баланопостит, фимоз, баланит ооруларын алдын алат. Бул тууралуу Сапарбек Макеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланы алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүп (көкүрөгүн рентгенге тартып, жүрөгүн электрокардиограммадан өткөрүп, кандын уюшун текшерүү керек), оорулар байкала турган болсо дарылап алгандан кийин гана сүннөткө отургузуу керек.

"Сүннөткө отургузуу ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуудан сактайт. Себеби эркектин жыныстык органынын уч жагындагы жумшак теринин ички бети жылуу, нымдуу чөйрө болгондуктан ВИЧ-инфекциясы менен сифилистин өсүп-өрчүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Ал эми сүннөткө отургузулган шартта ошол жумшак тери кесилип салынат да, ал балада кийин бул ооруларга кабылуу коркунучу салыштырмалуу азаят. Өз учурунда циркумцизия жыныстык органды ар кыл бактериялардан, инфекциялардан таза алып жүрүүгө да негиз түзөт. Мындан бир топ жыл мурун баланы сүннөткө отургузуу үчүн дарыгер-хирургга кайрылгандар дээрлик аз болчу. Себеби ата-энелер айылдагы аттуу-баштуу кишини же молдо чакырып эле үйдөн отургузуп коюшчу. Алар баланын жыныс мүчөсүнүн башын, заара кылчу түтүктөрүн кесип салып, гипоспадия менен жабыркаган балдар кездешчү. Эгер терини көбүрөөк калтырып койсо парафимоз болуп эт өсүп, жыныс мүчөнүн башы жабылып калат. Ал эми азыр болсо кичи операцияны хирургдар гана жасашы керектигин түшүнүп калышты. Баланы белгилүү бир жашка чейин сүннөткө отургузуу керек деген чек жок. Бирок 3-7 жашында отургузса абдан жакшы болот. Ал эми үч жашка чейинки балада кан уюу системасы өрчүй электигине байланыштуу бул куракта циркумцизия жасатуу сунушталбайт. Сүннөт операциясынын эки жолу бар. Биринчиси, кадимки скальпель менен кесилсе, экинчисинде электрокоагулятор менен тери алынат. Электрокоагулятор менен кескенде кан кетпейт, тезирээк айыгат. Ата-эне баланы сүннөткө отургузуу алдында аны психологиялык жактан даярдап, жыныстык мүчөсүнүн учун улам түрүп турушу керек. Мында операциядан соң бала 3-4 күндө жакшы болуп калат. Эгер балада жүрөк, борбордук нерв системасынын оорусу, аллергия, сарык, гемофилия дарты болсо оорусу айыкканга чейин циркумцизия башка убакытка жылдырылат", - деди Макеев.

Ал сүннөткө отургузууда балага жергиликтүү же болбосо жалпы (5-10 мүнөткө таасир этүүчү) наркоз берилерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://allnews.kaktus.media/6315