Кумшекер жана өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы убактылуу төлөнбөй турган болду
3247
Бүгүн, 23-мартта Акылбек Жапаров 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин бир катар импорттук товарларга кошумча нарк салыгын (КНС) нөлгө түшүрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул тизмеге азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү кант жана өсүмдүк майы кирет.
Мындан бир аз мурдараак Монополияга каршы мамлекеттик орган бул продукцияга баанын көтөрүлүшүн белгилеп, баанын өсүшүн төмөнкү себептер менен түшүндүргөн:
- валюта курсунун кескин өсүшү;
- республиканын ТЭЦтин айрым түрлөрүнөн дээрлик 75-80% импортко көз карандылыгы;
- даяр продукцияны да, сырьёну да жеткирүүчү өлкөлөрдөн товарларды экспорттоого чектөө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын ставкасы 0% өлчөмүндө белгиленген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/6086