Чабан аскага чыгып кайра түшө албай калган. Ага куткаруучулар жардам беришти
2557
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда чабан Дархман айылынын Ак-Жар жайлоосунда мал жайып жатып, аскага чыккан. Бирок андан өз алдынча түшо албай койгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, 47-жаштагы чабан А.А.ны куткарууга алты куткаруучу барган. Кийин ал тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/5616