Ozon Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим берүү курсун баштады
Ozon коомдук фонд New Age менен биргеликте Кыргызстанда маркетплейс менеджери кесибин өздөштүрүүгө жардам бере турган билим берүү курсун ишке киргизди.
Кесиптик даярдоонун уникалдуу курсу эки айга созулат жана заманбап, тез өнүгүп жаткан электрондук соода тармагында акысыз керектүү көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.
Маркетплейс менен фонддун биргелешкен программасы Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясынын максаттарына жооп берет. Бул стратегия 2018-жылдын 31-октябрында Президенттин №221 Жарлыгы менен бекитилген. Стратегиянын негизги милдеттеринин бири мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн медициналык жана социалдык инклюзияны эске алуу менен үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү болуп саналат.
"Электрондук соода - оң өзгөрүүлөрдүн жана экономикалык өсүштүн катализатору. Кыргызстандын рыногу да мунун өзгөчөлүгү эмес. Бүгүнкү күндө маркетплейс колдонуучулары жылына орточо эсеп менен 25 сатып алуу жасашат. 2024-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда Ozon аркылуу берилген буйрутмалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 12 эсеге өстү. Заманбап жана талап кылынган кесип мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ишке орношуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат", - деп белгиледи Кыргызстандагы Ozon"дун коммерциялык директору Асель Тургунбекова.
Окутуу учурунда катышуучулар Ozon маркетплейсинде иштөө боюнча негизги аспектилерди үйрөнүшөт, товарларды илгерилетүүнүн натыйжалуу стратегиялары, кардарлар менен иштөө өзгөчөлүктөрү менен таанышып, сатуу көлөмүн жогорулатууга багытталган процесстерди анализдөөнү жана оптималдаштырууну үйрөнүшөт.
Мындан тышкары, курс алкагында дүкөндөрдү каттоо, орнотуу жана башкаруу маселелери да каралат. Окутуу бардык каалоочуларга практикалык көндүмдөргө жана платформа менен иштөө боюнча чыныгы тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ozon 2022-жылы Бишкекте өкүлчүлүгүн ачкан, ал эми 2023-жылдын башында сорттоо борборун ишке киргизген. Кыргыз ишкерлерине Россияга жеткирүүнүн бардык схемалары жеткиликтүү: Ozon кампасы аркылуу сатуу, Ozon жеткирүүсү менен өз кампасы аркылуу сатуу, ошондой эле башка жеткирүү кызматтары аркылуу сатуу. Товарлар Ozon"дун брендделген пункттарына, "Кыргыз почтасынын" почта бөлүмдөрүнө жана сатуучу тарабынан түз жеткирилет. Бишкектиктер үчүн Ozon"дун үйгө чейин курьердик жеткирүү кызматы да иштейт.
Ozon - өнүккөн логистикалык тармагы бар көп категориялуу маркетплейс. Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуссияда, Россияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, Кытайда жана Түркияда ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Платформада 20дан ашык категориядагы 370 миллиондон ашуун товарлар бар: китептер жана кийим-кечеден баштап азык-түлүккө жана ден соолукка керектүү товарларга чейин. 53,5 миллион активдүү сатып алуучу Ozon"дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасы аркылуу буйрутмаларын алып, 550 миңден ашуун ишкерлер өз товарларын Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө сата алышат.