Эртеңден баштап Бишкекте жылытуу мезгили башталат
202
Бишкек шаарынын метеорологиялык божомолун жана тышкы абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен жылытуу мезгилин эртең, 22-октябрда баштоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында мэриядан маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Объекттерди жылуулукка туташтыруу бир нече күнгө созулат.
- биринчи кезекте – ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
- экинчиден - турак жай имараттары, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилет.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/17753