Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу качан бүтөрү айтылды
RU

Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу качан бүтөрү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштерин 1-декабрда аяктоо мерчемделүүдө. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери аяктап калды. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрдө жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда.

Тоннелге кире берген жерде асфальт төшөө иштери дээрлик бүттү (60 м калды) жана тоннелдин ичиндеги 10 кеңейтилген жери калды (узуну 53 м туурасы 2,75 м жалпы 10 кеңейтилген жерди алганда 530 м). Кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5 участок убактылуу жолдогу 5 сел өтүүчү өтмөктүн төртөө бетондолду.

Конструкциялардын четтерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Тоннелге жакындаган жерлерге парапет орнотуу иштери башталды. Курулуш иштеринин жана материалдардын сапаты техникалык шарттарга ылайык "Кыргыздортранспроект" ишканасынын консультанты тарабынан көзөмөлдөнөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырым, эки эстакадалык көпүрө, бир тоннель каралган. Тоннель деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу - 3890 метр, туурасы - 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги - 8,5 метрди түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://allnews.kaktus.media/17517