Оштогу сел: 300дөн ашык үйгө суу кирип, 16 унаа зыянга учурады
1550
Ош шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.
- Кыргыз-Чек айылында 95 үйгө сел кирип, 10 унаа жеңил жабыркады, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлдү. 1 мектеп жана 1 ооруканага сел суулары кирген. Тазалоо иштерине Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 70тен ашык адам, 2 оор техника тартылды.
- Асан-Чек айылында 82 үйдү сел каптап, 1 үй авариялык абалга келсе, 2 үйдүн сарайы кулады. 1 мектеп жана 1 музейге сел суулары кирди. Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 60 адам тазалоо иштерине тартылды.
- Достук айылында 85 үйгө суу кирип, 2 унаа жеңил жабыркады, 1 үйдүн ашканасынын дубалы көчүп түштү, 10 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирди. Жерине 2 оор техника, 60тан ашык жумушчу тартылды.
- Майды айылында 60 үйгө сел кирип, 2 оор техника жана 2 унаа жабыркады, 5 га айдоо аянтын сел суулары алып кетти. Тазалоо иштерине 40тан ашык адам тартылды.
- Социализм айылында 15 үйгө сел кирди. Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 30дан ашык адам тартылды.
- Датка айыл аймагындагы Фуркат айылында 5 үйдүн короосуна, 1 ооруканага, 1 бала бакчага, 1 мектепке сел суулары кирди.
- Маданият айылында 20 га айдоо аянты, 1 көпүрө жабыркады. Жерине 1 эксковатор тартылды.
Ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча жалпы 10 кой өлгөн:
- Торгой булак айылынан 5 кой.
- Достук айылынан 1 кой.
- Кыргыз-Чек айылында 4 кой.
Бүгүн, 15-июлда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.
Белгилесек, 14-июлда саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, базарларды каптаган. "Мөл-Булак" эс борборунан 4 жаранды агызып, кечке жуук 7 жаштагы кыздын сөөгү табылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/16646