Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталарын маалымдады. Белгиленгендей, кабыл алуу 2024-жылдын январь айына чейин уланат.
Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:
- I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь;
- II тур – 2024-жыл, 8-13-январь;
- III тур – 2024-жыл, 15-20-январь;
- IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.
Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.
Белгилесек, 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан, тагыраагы 110дон өттү.
Эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.
Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышып, анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырган.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: times.bntu.by.