Бишкекте министрликтин кызматкери афган чарсы менен кармалды
2208
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин биринин жетектөөчү адиси баңгизат менен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 22-октябрда болжол менен саат 21:40 чамасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын кызматкерлери Бишкектеги Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда 1989-жылы туулган Ч.М.Т. аттуу жаранды кармашкан. Кармоо учурунда тоголоктолгон кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган.
Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү болуп, баңги каражаттар табылган. Алынган каражаттарга экспертиза жүргүзүлүп, "афган чарсы" экени такталды.Шектүү соттун чечимине ылайык, Бишкектеги тергөө абагына киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/14835