Берлиндеги "Бала Манасчы" айкели расмий ачылды. Айкелдин өзгөчөлүгү
1902
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган "Бала Манасчы" айкели менен таанышкан. Аталган айкелдин расмий ачылышы 22-октябрда болгонун "Манас" театрынан билдиришти.
- "Бала Манасчы" кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Андагы 10-12 жаштагы баланын жаш курагы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.
- Айкелде QR-код тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндү уга алат.
- Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен айкелди элибиздин сыймыктуу кызы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын "Достук" орденинин ээси белгилүү бедизчи Тамила Маматова жасаган.
- Айкел демөөрчүлөрдүн салымы менен орнотулган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/14782