Ысык-Көлдө эки аким кызматтан алынды
1235
Садыр Жапаров Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин кызматтан бошотту. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев жана Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/14084