Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Монголияга учуп кетишти
1520
Бүгүн, 9-июлда Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекеттик визиттин алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух, премьер-министр Лувсаннамсрейн Ойун-Эрдэнэ, Жогорку Кеңештин төрагасы Гомбожавин Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле башка бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
- Айгүл Жапарова - президенттин жубайы;
- Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
- Эдил Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Муратбек Азымбакиев - Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Айбек Артыкбаев - Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;
- Алтынбек Максүтов - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Тилек Текебаев - Транспорт жана коммуникациялар министри;
- Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри;
- Умбриэль Темиралиев - Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору;
- Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;
- Самат Насирдинов - Айыл чарба министринин орун басары;
- Эмил Осмонбетов - Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/13311