Баткенде эки чек ара посту толугу менен жаңыланды
1653
Баткенде "Жаштык" жана "Чоң-Талаа" чек ара посттору толугу менен жаңыланды. Жаңыланган посттордун ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-майда катышты.
"Жаштык" чек ара посту менен катар Баткен облусундагы "Кара-Бак" чек ара заставасынын "Чоң-Талаа" посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен Ташиев таанышып чыкты.
Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/12599