Нарындын тургундары президент менен жолугуп, көйгөйлөрүн айтышты
1707
Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна иш сапары менен барды. Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, "Нарын" аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар облустук администрациянын алдына чогулуп, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелерин көтөрүштү.Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, Садыр Жапаров аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://allnews.kaktus.media/10836